• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте унаа айдап качкан 19 жаштагы кыз кармалды

4 Бугу 202215:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте унаа айдап качууга шектелип 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-майда болжол менен саат түнкү 01:30 чамасында Чүй көчөсүндө жайгашкан «Глобус» соода борборунун жанында токтоп турган “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап качкан.

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан Жайыл-Баатыр жана Арча-Бешик көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук милициясына жеткирилген.

Количество просмотров: 441