• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош базарында кармалган жарандардын 34тү 5 күнгө камалды

8 Аяк оона 202214:20 Бишкек Govori.TV

Ош базарынын айланасын тазалоо боюнча өткөрүлгөн рейд учурунда кармалган жарандардын 34тү 5 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Милициянын кайгуул кызматкерлери Ош базарынын айланасын тартипке салуу максатында атайын рейддик иш-чара өткөрүп, анын алкагында 65 жаран Ленин райондук ИИБне жеткирилген болчу. Ошонун ичинен 34 жаранга соттун чечими чыгып, 5 күнгө камакка алынды. Анын ичинде ичинде 3 аял кишилер да бар.

Рейд болгондон кийин, кайгуул кызматы тазалык муниципалдык иш-канасынын кызматкерлерин чыкыртып, жеткирилген жарандардын мыйзамсыз жатып жүргөн жерлериндеги эски төшөк, кийим, бөтөлкөлөр өңдүү буйум териндерин баарын тазалашкан.

Азыркы учурда Ош базарынын айланасы таза жана коопсуз.

Количество просмотров: 7114