• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Патрулдук милициянын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

8 Аяк оона 2022 13:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык прокуратурасы КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек ИИБнин патрулдук милиция башкармалыгын кызматкери А.Б.Т.ны пара алып жаткан жеринен кармашкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, ИИМинин Ички иликтөө кызматына Г.С. аттуу жаран патрулдук милиция кызматкери А.Б.Т. карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Ал жогоруда аталган жарандан жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартпоо сунушу менен андан зергердик буюм, тактап айтканда баасы 30000 сомдук алтын шакегин пара түрүндө талап кылган.

А.Б.Т өзүнүн кызматтык абалынан жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды колдонуп, Г.С. жараны зергер буюмдарын жасоонун чебери экендигин билип туруп, аны пара берүүгө аргасыз кылган.

Учурда Бишкек ИИБнин патрулдук милиция башкармалынын полкунун взвод башчысы А.Б.Т. шектүү катары кармалып Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Количество просмотров: 5714