• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ырчы Атабековго айыпка жыгылды

5 Аяк оона 2022 10:44 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда ырчы Мирбек Атабеков унаада алдыңкы орундукта коопсуздук курун чечип ырдап жаткан видео тарады. Бишкек шаардык патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ырчы Мирбек Атабековдун жүргүнчүлөр отургучунда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн айдоочуга карата жол эрежесин бузуу боюнча протокол түзүлдү.

Атабеков протоколду даярдоо учурунда эреже бузгандыгы үчүн айып пул төлөй турганын айтып, бардык жарандарды жол эрежесин так сактоого чакырды. «Мыйзам алдында бардыгы бирдей, мамлекетибизде тартип баарынан жогору болсун», — деди ал.

Количество просмотров: 411