• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте унаа  күйүп кетти

29 Тогуздун айы 2018 9:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.10.2018.Govori.TV.

Бишкектин четиндеги айланма жолдо айдоочу бетон тосмонду сүзүп, унаа толугу менен күйүп кетти.Бул  тууралуу  Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-октябрь күнү саат 23:30дар чамасында болгон.

«Айланма жолдо бараткан айдоочу Токмокко жетпей бетон тосмону сүзүп,  Жыйынтыгында Натыйжада Audi S4 үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Айдоочу жеңил жаракат алган. Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатып, тосмону байкабай калган», — деп жазылган маалыматта.

Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. 

 

Количество просмотров: 25