• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бишкекте 2 жашар бөбөктү унаа тебелеп кеткен

29 Тогуздун айы 202413:15 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Хонда Фит унаасы кичинекей кызды тебелеп кеткен окуя боюнча милиция маалымат таратты.

Аталган бөлүмгө окуя боюнча 27-октябрда кечинде билдирүү түшкөн. Аталган факты Октябрь РИИБне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Маалым болгондой, саат 21:30дар чамасында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү үчүн маневр жасап, жолдун четине чыгып бараткан бөбөктү (2022-жылы туулган М.А.) байкабай калып, сүзүп кеткен.

Учурда унаа айып жайга киргизилип, айдоочу наркологиядан текшерилип, балага соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кыздын ата-энеси медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылышкан. Ага баш мээсинин жабык жаракаты, баш мээнин чайкалышы деген диагноз коюлган жана бетинин сол жагы сүрүлгөн.

Аталган факты боюнча тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 217