• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте унаа оңдоочу жайдан өрт чыкты

24 Бештин айы 202411:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунун алдын ала маалымат боюнча Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:59да Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, Кошумча саат 10:12де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Тилсиз жоо саат 10:32де чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 157