Бишкекте жеңил унаа жолдун чекесине чыгып кеткен. Социалдык тармактарга тараган видеого караганда, кырсык 2-сентябрда А.Масалиев проспектиси (Түштүк магистраль) менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Жол кырсыгынын кесепетинен скутер жабыркап, ал эми Hyundai үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, жолдун ортосундагы жашыл аймакка тыгылып калган.