«Бишкек шаарынын 2 тургуну кылмышка шектүү таксистти жаңылыктардан көрүп таанып калып, анын үстүнөн арыз жазышкан. Биринчи арыздын ээси 1989-жылы туулган шаар тургуну 26-ноябрь күнү кечинде аталган таксисттин унаасына отурганын айткан. Бейшеналиева көчөсүнө жеткенде таксист аны зордуктоого аракет кылганын айтууда. Экинчи арыздын ээси 1978-жылы туулган шаар тургуну окуя февраль айында шаар ичинде орун алганын айтып, ал да таксисттин зордуктоо аракетине туш болгонун билдирген. Учурда бул эки факт боюнча катталган арыздар кылмышка шектүүнүн кылмыш ишине кошулду. Окуя боюнча тергөө амалдары улантылууда, кылмышка шектүү 2 айга камакка алынган», — деп билдиришти милициядан.
Булак: super.kg