Бишкек шаарынын тургуну таксинин айдоочусуна чара көрүүнү суранып, милицияга кайрылган.
Бишкектин Ленин РИИБнин басма сөз кызматы таратка маалыматка ылайык, шаар тургуну 22-декабрда милицияга кайрылып, А.И. аттуу таксистке сара көрүүнү өтүнгөн.
Анын айтымында, бул күнү такси чакырып, «Хендай Аванте» үлгүсүндөгү унаа менен 11
жаштагы кызын бий курсуна жөнөткөн. Кызы үйүнө кайтканда мындан ары такси менен каттабай турганын айткан.
Окуучунун айтымында, орто жолдон таксист унаасын токтотуп, порно тасманы койгон. Телефон чалуудан кийин гана ал унааны айдап жөнөгөн.
Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат