ЖК депутаты Элдар Абакиров бүгүн, 10-декабрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында «Манас» аэропортундагы таксисттерди тартипке салуу керек экенинбилдирди.
«Орусиядан ооруган баласы менен аял келиптир. Биринчи жолу Кыргызстанга келиптир, аэропорттон түшсө эле Бишкекке чейин 4 миң 5 миң сом деп эле сурай беришиптир. Муну бир журналист көрүп калып, кийлигишип, чынында андай баа турбасын айтып, талаша кеткен. Кыскасы, мындай жапайы мамиле бар да», — деди ал.
Депутат аэропорттогу таксилердин ишин жөнгө салып, лицензиясы бар таксилер гана иштешин камсыз кылууну суранды.