• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте уурулукка шектелген чет өлкөлүк жарандар кармалды

17 Бирдин айы 20219:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында уурулукка шектелген чет өлкөлүк жарандар кармалганын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 14-февралга карган түнү болгон.

«7-апрель көчөсүндө Пакистандын 2 жараны мекендештерине кол салышкан. Алар жабырлануучулардын биринен 1000 доллар, экинчисинен 3000 доллар акчасын тартып алышкан. Жабырлануучулар милиция кызматкерлерине кийинки күнү кайрылды.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан көп узабай 2001-жылы туулган Ш.А., 2000-жылы туулган И.А., 1996-жылы туулган Р.Х., И.Р. жана 1987-жылы туулган А.Н. кармалды. Баары Пакистандын жарандары», — деп айтылат билдирүүдө.

Шектүүлөр камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 313