• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте уюлдук телефондорду бакка кагып жарнама кылган жаран айыпка жыгылды

9 Кулжа 202115:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жарнама үчүн телефондорду бакка кагып койгон жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу мэриянын басма соз кызматынан билдиришити.

Маалыматка ылайык, жеке ишкерге 120-берене боюнча жашыл аянттарга келтирилген зыян үчүн 3 миң сомго протокол түзүлгөн. Ал оңдоо жайын жарнамалоо үчүн уюлдук телефондорду бакка кадаган.

Шаардык мэрия калаа тургундарынан жана конокторунан эрежелерди сактоону суранат.

Количество просмотров: 456