Бишкек.19.07.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарынын Токтоналиев жана Медеров көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрө бүтүү алдында турат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, көпүрөнүн узундугу 36 метр, туурасы 15 метрди түзүп бүгүнкү күндө көпүрөнүн курулушунун 90 пайызы бүтүп калды. Мындан сырткары Токтоналиев менен Медеров көчөлөрү оңдолууда.
Эске салсак, Токтоналиев көчөсү «Жолдорду өнүктүрүү» долбоорунун негизинде Кытайдын берген грантынын эсебинен салынууда.