Бишкек шаарында велосипед уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милицияга 5-май күнү Н.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 4-май күнү саат 23:00 чамасында Көк-Жар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинен 17 миң сомдук велосипедин жашыруун уурдап кеткен жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
«Кылмышка шектүү 1992-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалган. Шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган»,-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка 4 кылмыш фактысын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталган. Аталган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0 (704) 95-95-95, 0 (509) 26-26-69, 0 (701) 00-26-88 жана 102 .