Бишкекте эстрада ырчысы Курал Чокоев баштаган бир топ ырчы жандуу ырдап ардагерлерди Жеңиш күнү менен куттукташты.
Майрамдык куттуктоону Тынчтык Алтымышев түз эфирде көрсөттү.
Жыл сайын белгиленип келген 9-май майрамы быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөрүлбөй калды. Бирок ага карабастан ырчылар ардагерлердин үйүнүн алдына барып ырдап, аралыкты сактоо менен аларга майрамдык шаң тартуулап жатканын көрүүгө болот.