• Дүйшөмбү 17 Бугу 2021

Бишкекте ышка каршы жүрүш өттү

18 декабря 2020 в 13:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-декабрда борбор калаада ышка каршы жүрүш өттү.

Маалым болгондой, жүрүшкө болжол менен 100гө чукул жаран чыкты.

Акциянын катышуучулары Эркиндик бульварынан “Ала-Тоо” аянтына чейин жөө басышып, “Желимдерди жакпагыла”, “Менин дем алгым келет”, “Мен таза аба үчүн” деген жазууларды кармап барышты.

Количество просмотров: 70