• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөт

19 Чын куран 20249:36 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумун 2024/2025-жылдын от жагуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. 18-апрелде борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев тиешелүү буйрукка кол койду.

Бул иш-чаралар жыл сайын жүргүзүлүчүү профилактикалык жана оңдоо жумуштарын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп келет.

Теги:
Количество просмотров: 84