• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды

6 Бугу 2022 9:18 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-май күнү саат 18:20 чамасында Октябрь районуна караштуу Байтик-Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдүн 9-кабатынан аял киши өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, аялды түшүрүшүп ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 276