• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте өзгөчө абал учурунда уурулук кылган шектүүлөр кармалды

12 Чын куран 2020 20:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Аламүдүн» жана «Алдаяр» базарларында сатып алуучулардын капчыгын, уюлдук телефонун уурдаганга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-апрелде 3 адам милицияга арыз менен кайрылган. Алардын айтымында, «Аламүдүн» районунда белгисиз адамдар 5 миң сомго бааланган телефон, 200 сом жана банк картасы салынган капчык уурдап кетишкен. Банк картасынан 10 миң 500 сом чыгарып алышкан. Ошондой эле 4100 сом, айдоочулук күбөлүк жана банк картасы салынган капчыкты уурдап кетишкен.

«Мындан тышкары 10-апрелде ушундай эле арыз менен дагы 2 адам кайрылган. «Аламүдүн» жана «Алдаяр» базарларында 2350 сом, 8 банк картасы, айдоочулук күбөлүк, паспорт салынган баштык, уюлдук телефон, 50 евро жана 2000 сом уурдалган. Бул факттар Жазык кодексиндеги 200-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр — 1991-жылы туулган Ш.Б., 1986-жылы туулган А.А. жана 1991-жылы туулган Т.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.


Количество просмотров: 1157