• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Свердлов районунун прокуратурасы уурулук менен күрөшүүдө кандай аракеттерди көрүүдө?

25 Чын куран 202511:15 Бишкек Govori.TV

2025-жылдын 3 айында Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында жалпы 1366 билдирүү боюнча кылмыш иштери козголгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жыйынтыгы менен 474 кылмыш иш өндүрүштөн бүткөрүлгөн, алардын ичинен 188 кылмыш иш соттун кароосуна жиберилген, 281 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган, башка 454 кылмыш иштер калып алар боюнча зарыл болгон тергөө амалдыр улантылууда.

Катталган кылмыштарды бөлүп караган эң көп кылмыштар бул менчикке каршы кылмыштар болгон. Алар: уурдоо фактысы 789, алдамчылык фактысы 350, ээнбаштык фактысы 41, каракчылык фактысы боюнча 8 кылмыш иши козголгон.

Адамга каршы жасалган кылмыштардын саны 48, алардын ичинен жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар — 17, жашы жете электердин кызыкчылыктарына каршы кылмыштар — 31.

Аймакта отчеттук мезгилде кылмыш жасаган адамдардын саны 231 түзгөн. Кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдардын ичинен: эркектердин саны — 131, аялдардын саны — 61, жашы жете элек балдар — 31 түзгөн.

Жогорудагы категориядагы кылмыш иштер Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан көзөмөлгө алынып, кылмыштын бетин ачуу багыты боюнча тынымсыз прокурордук көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүп, укук коргоо органдары тарабынан көрүлгөн кечиктирилгис чаралардын негизинде райондун аймагында оперативдик абал көзөмөлгө алынып, стабилдүүлүк сакталууда.

«Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү максатында Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын балдар иштери боюнча комиссия, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы, ага караштуу балдар менен иштөө инспекция, эмгек-социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана башка ыйгарым укуктуу органдардын катышуусу менен координациялык кеңешмелер өткөрүлүп, тийиштүү деңгээлде токтоосуз профилактикалык иштер жүргүзүлүп келет»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 267