• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте «өзгөчө абал» жокко чыгарылды

16 Тогуздун айы 202011:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаарынын аймагына киргизилген өзгөчө абал жокко чыгарылды. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар кабыл алды.

Президенттин жарлыгы менен 12-октябрдан 19-октябрга чейин Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилген. Кечки саат 10дон таңкы 5ке чейин коменданттык саат эрежелери күчүндө болуп турду.

Өзгөчө абал киргизүү чечими 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык окуяларга байланыштуу кабыл алынган. 

Количество просмотров: 140