• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп алган айдоочу каза болду

29 Жетинин айы 202411:58 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп алган унааны айдоочусу каза тапты. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, күн мурун болжол менен күндүзгү саат 11:30дар чамасында «Мерседес-Бенц Е320» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Элебесов көчөсү менен Февраль көчөсүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн 46 жаштагы жаранды сүзүп алган. Алган жаракаттарынын кесепетинен жөө жүргүнчү ооруканага жаткырылган.

Ал эми жеңил унаанын 65 жаштагы айдоочусу жабырлануучуну алып бара жаткан тез жардам унаасынын артынан коштоп бара жатканда өзүн жаман сезген. Ал Фрунзе—Тыныстанов көчөсүнүн кесилишине жеткенде көз жумган.

Аталган фактылар каттоого, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 971