Бишкекте жаңы курулуп баштаган көп кабаттуу турак үй күйүп кетти
Бишкекте жаңы курулуп баштаган көп кабаттуу турак үй күйүп кетти
11 Аяк оона 201812:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.09.2018.Govori.TV.
11-сентябрда Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүнүн №172 дарегинде жаңы курулуп баштаган көп кабаттуу турак үй күйүп кетти. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Токтогул көчөсүнүн №172 дарегинде жаңы курулуп баштаган көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрт таңкы саат 6:18 чектөөгө алынып, саат 09:59да толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен курулуш аянтынын 1 миң чарчы метри жана курулуш материалдары күйгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгышы аныкталууда.