• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте жаңы жашыл аймак пайда болот. Ал үчүн Кытай 600 миң юань бөлдү (сүрөт)

8 Бирдин айы 202217:12 Бишкек Govori.TV

Кытай Бишкектин батыш жагында жаңы сквер куруу үчүн 600 миң юань бөлдү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.

Мэриядан бул каражатты Кыргызстанга Циндао шаарынын муниципалитети президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча бөлгөнүн белгилешти.

«Бул каражатка сквер салынып, Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин Дэн Сяопин проспектисин бойлой жашыл көчөттөрдүн аянты көбөйтүлөт», — деп билдиришти мэриядан.

Эске салсак, 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек жана Циндао шаарларынын муниципалитеттеринин ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.

Количество просмотров: 233