Бишкек шаарындагы жаңы эксперименталдык жугуштуу ооруканасында металл каркастуу түркүктөр жана устундар иштери жүрүүдө. Бул тууралуу штаб билдирет.
Бүгүнкү күндө, бардык төрт блоктордун пайдубалы аяктады. Долбоорлоого чейин котловандын топурак менен кайрадан артка толтуруу иштери 90% түзүүдө.
Учурда, жеңил материалдарды орнотуу үчүн металл-каркастуу конструкцияларды ширетүү жана монтаждоо иштери боюнча 25 адис тартылган.
Ошондой эле объектте 12 атайын техникасы — экскаваторлор, самосвалдар, каток унаалары тартылды.
Объект боюнча долбоорлоо-сметалык документтер параллелдүү иштелип чыгууда жана өз этапы менен мамлекеттик экспертизасы жүргүзүлүүдө.