• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте Жалдагы гараждар алынды

14 Тогуздун айы 202414:46 Бишкек Govori.TV

Жал-23 кичи районундагы №18 үйүнүн жанында 15 темир гараж тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган.
Аталган объектилерди демонтаждоо боюнча Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жана Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда 15 объекттин бардыгы алынды.

Башкармалык муниципалдык жерлерди бошотуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча активдүү иш алып барууда.


Количество просмотров: 163