• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте жалпы республикалык тестирлөө өтөт

18 Бугу 20219:51 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөсү (ЖРТ) өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ЖРТ эки этапта өтөт.

18-19-майда Свердлов районундагы №4; №38; №45; №65; №66; №94 мектептердин базасында. Октябрь районундагы №17; №26; №37; №63; №64; №88 мектептерде. 21-22-майда Ленин районундагы № 9; №13; №31; №68; №72; №84; №93; №96 мектептердин базасында. Биринчи май районундагы № 6; №27; №28; №29; №24; №69 мектептерде.

Белгилей кетсек, 22-23-июнда ЖРТ кошумча тизме боюнча өтөт. Мэрия тестирлөө бардык санитардык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлө турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 78