• Дүйшөмбү 4 Бештин айы 2023
  • Понедельник 4 Декабрь 2023

Бишкекте жана Сокулуктагы билим берүүчү жайлар 2 күн онлайн окууга өтөт

23 октября 2023 в 17:57 Бишкек Govori.TV

25-26-октябрь күндөрү Бишкекте жана Сокулуктагы билим берүүчү жайлар онлайн окууга өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүүчү жайлардын саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери 25-26-октябрда сабактарды онлайн уюштурууну камсыз кылуусу керек»,- деди ал.

Бишкек шаарында 25-27-октябрь күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өтөт.

Количество просмотров: 339