• Дүйшөмбү 4 Бештин айы 2023
  • Понедельник 4 Декабрь 2023

Бишкекте Жапаров менен Путиндин жолугушуусу башталды

12 октября 2023 в 13:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин салтанаттуу жолугушуусу башталды.

Жапаров менен Путин алдыда саясий, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана башка чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулашат.

Белгилей кетсек, бүгүн таң эрте Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапары башталган. Аны «Манас» аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Путин жетектеп келген делегациянын курамы:

  • ТИМ башчысы Сергей Лавров;
  • вице-премьер Алексей Оверчук;
  • юстиция министри Константин Чуйченко;
  • жаратылыш ресурстар министри Александр Козлов;
  • экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников;
  • Илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков;
  • «Росатом» жетекчиси Алексей Лихачев.
Количество просмотров: 70