Бишкекте «Дегдар» фонду уюштурган «Жапон жазы» фестивалы өтөт.
Фестивалдын алкагында белгилүү жапон скрипкачысы Реносукэ Фукуда концерт берет. Ал Япониянын эң талап кылынган жаш музыканттарынын бири болуп саналат, эл аралык сынактардын лауреаты жана дүйнөнүн ири сахналарында өнөр көрсөткөн аткаруучу.
Аны менен бирге сахнага Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, FORTE TRIO мамлекеттик триосунун көркөм жетекчиси Тимур Урманчеев чыгат.
Концерт 21-апрелде саат 19:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында, Малахит залында өтөт.
Кеченин программасында жапон жана европалык композиторлордун чыгармалары жаңырмакчы.
Иш-чарага кирүү акысыз.