Бишкекте 700 миң сомдон ашуун акча каражатын алдап алууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Бишкек шаарынын О.Б. аттуу тургуну кайрылып, чала таанышы 703 миң 600 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алдоо жолу менен алып, из жашырып кеткендигин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган М.М. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.