• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте жасалма номер менен жүргөн айдоочу кармалды

26 Чын куран 202115:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жасалма номер менен жүргөн Subaru Legacy унаасы кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымакта ылайык, 25-апрель күнү болжол менен саат 19:40тар чамасында Байтик Баатыр жана А. Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Subaru Legacy үлгүсүндөгү автоунааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан. Текшерүү маалында 1996-жылы туулган Р.Т. аттуу айдоочу автоунаасына жасалма номер тагып жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 127