• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте жасалма номер менен жүргөн айдоочу кармалды

25 Үчтүн айы 20219:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жасалма номер менен жүргөн Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-январда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 06:00 чамасында Ден-Сяопин көчөсүнөн жол эрежесин бузган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1990-жылы туулган Н.Ш. аттуу айдоочу унаасына жасалма нометр тагып алгандыгы аныкталган.

Автоунаа убактылуу короо жайга токтотулуп, айдоочусу Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 77