• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте жасалма жол менен унааны чыгарып кеткен мурдагы милиционерге иш козголду

16 Баш оона 202419:55 Бишкек Govori.TV

Автоунааны мыйзамсыз камактан чыгарган милиция кызматкерине кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ч.Н. аттуу жарандын соттун токтомунун негизинде камакка коюлган «Lexus RX-350» үлгүсүндөгү автоунаасын мыйзамсыз камактан чыгарып кеткени аныкталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын Тергөө кызматынын мурдагы тергөөчүсү Ч.Н. кызматтык күбөлүгүн өз учурунда Бишкек ШИИББнын КБна тапшырбастан, мыйзамсыз колдонуп жүргөн. Ошондой эле өзүнүн кесиптешинин өндүрүшүндөгү кылмыш иштин КБР номерин, кыскача фабуласын жана башка маалыматтарды алуу менен атайылап камактан чыгаруу жөнүндө жасалма токтом чыгарып, тергөө кызматынын башчысынын атынан расмий жолдомо катты жасалмалап, жогоруда көрсөтүлгөн автоунааны камактан чыгарып кеткен.


Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) жана 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, караштуулугу боюнча жиберилип, азыркы күндө тергелүүдө.

Количество просмотров: 248