• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте жаш кызды сабап жаткан жаран анын агасы болгон

13 Тогуздун айы 202013:07 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Дордой Моторс» базары тарапта жаш кыз сабалганы тууралуу видео тараган. Уруш бир туугандардын ортосунда болгонун Ленин РИИБдин бама сөз кызматы билдирди.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбашчылык») менен кылмыш иши козголуп, кызды сабаган шектүү изделип баштаган болчу. №1 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнү табышкан.

Шектүү 1995-жылы туулган А.Ж. милиция кызматкерлерине билдирген маалымат боюнча, ал сабалган кыздын бир тууган агасы. Уруш үй-бүлөлүк чыр-чатак менен байланыштуу болгон.

«Ал эми жабырлануучу К.А. бир тууган агасынын үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан. Учурда кыздын абалы жакшы. Териштирүү иштери жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 280