Бүгүн, 20-июнда Бишкекте “Living Bishkek: Жашагыңыз келген жер” аталышындагы тегерек стол өттү.
Иш-чарада жашоо мейкиндиги жөнүндө кыялдануу, жайлуу шаардык чөйрөнүн келечеги жөнүндө талкуулар орун алып, курулуш тармагындагы адистер, шаар тургандары, экология багытындагы эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты.



Ошондой эле тегерек столдо экология, шаар куруу жана туруктуу өнүгүү жаатындагы алдыңкы эксперттердин шаардын келечеги тууралуу маалыматтары угулду.






Шаардын келечеги тууралуу талкуулардын борборунда Бишкек шаарындагы заманбап, ыңгайлуу жана туруктуу жашоо образынын стандарттарын кайра аныктоого багытталган «Royal Central Park» долбоору болду.
Эл аралык инвесторлор ROX Living Global жана RCA Living тарабынан иштелип чыккан «Royal Central Park» — Кыргызстандагы биринчи жана эң ири шаар куруу долбоору All-in-One моделине негизделген. Бишкекте жалпы 53,5 гектар жерде жайгашкан шаардын ичиндеги шаар долбоору борбор калаанын экономикалык жана шаар курулушунун кыймылдаткыч күчү болууну максат кылууда. Белгилей кетсек, аталган долбоордун жалпы инвестициялык суммасы 3,5 миллиард АКШ долларын түзөт деп пландалууда. Курулушка 2025-жылдын 15-мартында расмий старт берилгенин белгилеп өтүү керек.
Долбоор заманбап архитектура, жаратылыш менен гармониялуу айкалыш түзүү, жашоо сапатын эл аралык стандарттарга жооп берген ыңгайлуу, экологиялык жактан таза жана туруктуу шаар чөйрөсүн түзүүгө пландалган.
Аталган долбоордун дагы өзгөчөлүгү болуп «баары бир жерде» принцибин колдонуу менен, алсак, курула турчу кичи-шаарчада өзүнүн бала бакчасы, мектеби, паркы, жасалма көлү жана башка адам жашоосуна керектүү социалдык мекемелерди кошо туруу болуп саналат.
Кошумчалай кетсек, аталган концепцияларды тереңирээк түшүнүү жана жеринен таанышуу максатында ROX Living Global компаниясы 12-июндан 15-июнуна чейин Вьетнамдын борбору Ханой шаарына атайын танышуу сапарын уюштурган. Бул сапарга Кыргызстандын алдыңкы кыймылсыз мүлк агенттиктеринин жетекчилери, кыймылсыз мүлк рыногунун эксперттери жана ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация барган.
Алар «Goldmark City», «Times City», «Ecopark», «Ocean Park 1, 2 жана 3» комплекстерине барып, “шаар ичиндеги шаар” концепциясы менен таанышышкан.