• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте жеңил унаа жөө өтмөктөн кызды сүзүп кетти

25 Бугу 2022 16:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Айни көчөсүнөн жеңил унаа кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 24-май күнү саат 21:40 чамасында болгон. Анда 1996-жылы туулган М.Б. аттуу айдоочу Айни көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Айни көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жүргүнчү кызды сүзгөн.

Жабыркаган кыз №4 шаардык оорукнага жеткирилген. Азыркы учурда унаа убактылуу унаа токтотуучу жайга токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 508