• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте жеке менчик мончолор текшерилүүдө

20 Жетинин айы 201816:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.11.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарынын Октябрь районунда жеке менчик болгон мончолорду текшерүү боюнча рейд жүрүүдө.
Аталган рейд борбордун муниципалдык кызматы тарабынан уюштурулуп, санитардык-экологиялык инспекциянын, 7 өрт-куткаруучу бөлүмдүн, №6 муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн.
Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында мончолорду тигүүчү цехтерден чыккан калдыктар менен жылытуу фактылары аныкталган. Аталган фактылар боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, административдик айып салынган.
Бишкек мэриясы калаа тургундарынан өндүрүштүк таштандыларды жана башка тыюу салынган заттарды жакпоону суранат. Ошондой эле административдик жоопкерчилик тууралуу Кодексти бузган учурда айып салына тургандыгын эскертет.
Количество просмотров: 72