Бишкекте жергиликтүү курултай өтүп, Элдик курултайга катышуу үчүн 60 делегат шайланды.
Бишкек шаары боюнча жергиликтүү курултайга жалпысынан 800 делегат шайланып, алар калктын санына жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
Жергиликтүү курултайдын алкагында делегаттар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 25-ноябрда өтө турган Элдик курултайда көтөрүлө турган актуалдуу маселелерди да талкуулашты.
Курултайдын күн тартибинде 7 маселе каралган.
курултайдын спикерин тандоо;
ар бир райондон катчыларды тандоо;
делегаттардын санын бекитүү;
курултайдын жобосун бекитүү;
Элдик курултайга делегаттарды тандоо;
Элдик курултайда көтөрүлө турган орчундуу маселелерди бекитүү;
делегаттардын резервин бекитүү.