• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте жоголгон кыздар табылды

11 Бирдин айы 2021 9:40 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн кичинекей кыздарды таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-февраль күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Арча- Бешик жаңы конушунда кичинекей кыздар жоголду деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Арча-Бешик жаңы конушунун Шералиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен болжол менен саат 16:00 чамасында 2010-жылы туулган С.А. жана 2009-жылы туулган И.А. аттуу кичинекей кыздар үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендигин кабарлашкан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери милициянын сержанты Мукашев Э.жана милициянын кенже сержанты Ботобек уулу Ж. ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада болжол менен саат 20:00 чамасында кичинекей кыздарды таап, ата-энесине жеткирип беришкен.

Өз кезегинде кыздардын ата-энелери милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди.

.

Количество просмотров: 173