• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкекте жол эрежесин бузуулардан бюджетке 91 млн сом түшкөн

14 Бештин айы 2021 18:25 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 11 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 262 миң 556 протокол толтурулуп, 90 млн 969 миң 202 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын ичинен:

— Автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо 2911;

— Мас абалында автоунаа башкаруу 2815;

— Авто ээнбаштык 62;

— Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 624;

— Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедтер катышкан эреже бузуулар 4896;

— Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 251 миң 248;

— Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 21 миң 16 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Белгилей кетсек, бүгүн Милициянын кайгуул кызматында 11 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өттү.

Количество просмотров: 109