Бишкекте жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-мартта болжол менен саат 04:35 чамасында катталган. Анда 2000-жылы туулган А.И. аттуу айдоочу Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинен темир тосмону, андан кийин бакты сүзгөн.
«Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. Учурда автоунаа айып короосуна токтотулуп, кырсыктын себеби такталууда», — деп айтылат маалыматта.