Бишкек шаарынын Лев Толстой менен Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес-Бенц», «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаалар менен скутер кагышып, адам өмүрү кыйылды. Окуя бүгүн, 26-майда эртең менен болгон.
Маалыматка ылайык, тез жардам кызматына чакыруу саат 08:38де түшкөн.
«Скутердин айдоочусу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болду. Ал эми «Мерседестин» айдоочусу Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборуна жаткырылды. Бейтаптын абалы орто оор», — деп айтылат маалыматта.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, окуя болгон жерде кызматкерлер иштеп жатат.