• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте жол кырсыгынан 3 киши жабыркады

8 Аяк оона 20219:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Жукеев-Пудовкин жана Безымянный көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 3 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-сентябрда эртең менен «Мерседес» жана «Хонда Фит» унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркады: 1973-жылы туулган эркек, 2000-жылы туулган жигит жана 2007-жылы туулган кыз.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, жаракат алгандарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 445