Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Лев Толстой көчөсүндө болжол менен 13:50лөр чамасында BMW жана Toyota унаалары кагышкан. Анда BMW унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен. Жол кырсыгынан жабыркаган 5 жаран ооруканага жеткирилген.
Унаалар айып короого киргизилип, териштирүү жүрүүдө.