• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте Жорж Флойдду колдогон митингге бир адам чыкты

10 Кулжа 2020 11:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-июнда АКШда афро-америкалык жаран, полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойдду колдоо тынчтык митингине бир адам келди.

Шаар тургуну Денис Реут Горький аянтында акция өтө тургагын социалдык тармактан угуп, өзүнүн жарандык позициясын билдиргени чыккан.

Буга чейин интернет булактарда расалык теңсиздикке жана полициянын зөөкүрлүгүнө каршы тынчтык акциясы өтө турганы айтылган болчу. Бирок уюштуруучулар коопсуздук максатында жана провокациянын алдын алуу үчүн митингди өздөрү токтотушканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Жорж Флойд 25-майда көз жумган. Анын өлүмү расизмге, полициянын зомбулугуна каршы нааразылык акциялары дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде өттү. Флойддун өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен төрт полициячы кармалган.

Количество просмотров: 398