• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте жылуулук өткөрүүчү түтүктөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

8 Бирдин айы 20229:57 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жылуулук өткөрүүчү түтүктөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨМКдин басма сөз кызматы кабаралады.

Маалымат боюнча, Свердлов районунун А.Үсөнбаев жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук өткөрүүчү түтүктө (теплотрасса) белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, болжол менен 40-45 жаштагы славян улутундагы эркек кишинин жансыз денесин алып чыгышкан.

Учурда укук коргоо кызматкерлери каза болгон адамдын өздүгүн тактоо жана андан аркы ишти иликтөөдө.

Количество просмотров: 183