• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте зоопарктан өрт чыгып 6 маймыл жана 1 кенгуру өлдү

28 Үчтүн айы 202510:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-январда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы реабилитациялык зоопарктан өрт чыгып, саат 08:50дө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, тилсиз жоонун кесепетинен зоопарктын контейнерден салынган, ичи жыгач менен капталган 10 чарчы метр жасалгасы күйгөн. Натыйжада 7 жаныбар (6 маймыл, 1 кенгуру) өлдү.

Өрттүн себептери такталууда.

Количество просмотров: 377