• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бишкектеги №1041 шайлоо тилкесинде келген шайлоочулардын саны аз

11 Теке 2021 10:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра шайлоо башталды. Бишкектеги №1041 шайлоо тилкесинде шайлоочулар келип, өз добуштарын берип жатышат. Аталган шайлоо тилкеси саат 8:00дө шайлоочуларга өз эшигин ачты.

Шайлоо участкасында бардык санитардык эрежелер сакталып, милиция коомдук тартипти көзөмөлдөп турат. Шайлоо дем алыш күнгө туш келгендиктенби келген шайлоочулардын саны абдан эле аз. Кезек күткөндөр жокко эсе. Ал эми жарандардын коопсуздугу үчүн бардык эпидемиологиялык шарттар түзүлгөн.

Таң эрте добуш берүүгө келген шаар тургуну Ноён Калыев кайра шайлоо таза өтөт деген үмүттө.

“Буга чейинки шайлоолордо добуш сатып алуу, админресурс колдонуу сыяктуу көрүнүштөрдөн улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердеги шайлоо жокко чыкты. Кайра шайлоо таза өтөт деген үмүтүбүз бар”, — деди шайлоочу.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого 18 партия, Ош шаардык кеңешке 8, Токмокто 6 партия ат салышууда.

Количество просмотров: 66